Эгембердиева Жыпаркүл Момуналиевна

Математика мугалими.

Эгембердиева Жыпаркүл Момуналиевна  1986-жылы 26-сентябрда Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылында туулган. 1993-жылы жети жашында М.В.Фрунзе орто мектебине биринчи класска кирип, 2004-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетине тапшырып,                         2009-жылы аяктаган.

Ушул жылы эмгек жолун Бишкек шаарындагы №93 орто мектептен баштаган. Мектепте коомдук жумуштарга, спорттук оюндарга активдүү катышуу менен математика ийримин жетектеп келген. 2012-2014- жылдарында  Тогуз-Торо районуна караштуу М.Жаңыбаева атындагы орто мектепте эмгектенген. 2014-жылдан бери №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте эмгектенип келе жатат.

2021-2022-окуу жылдарында тарбия завуч болуп иштеген.

2021-2022-окуу жылында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышкан. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы менен сыйланган.

Үй бүлөөлү: эки уул, бир кыздын сүйүктүү апасы.