Абдыразакова Асел Аттокуровна 1983-жылы 2-августта Тогуз-Торо өрөөнүндөгү Казарман айылында туулгам. Мектеп курагына чейин ата-энемдин кол алдында тарбияланып, 1990-жылыдын 1-сентябрында Макмал орто мектебине биринчи классына кадам таштап татыктуу, билим алып 2000-жылы 11-классты ийгиликтуу аяктагам. Ушул эле жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин химия жана биология факультетине тапшырып 2005-жылы химия жана биология адистигине ээ болдум. Эмгек жолумду 2007-жылы А.Абдраимов орто мектебинен баштап, 2011-жылдан ушул кезге чейин №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде химия жана биология сабагынан билим берип келем.
Эмгек жолумда тактыкты, чынчылдыкты жактырам. 2013-жылы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн. Ардак грамотасы , 2015-жылы Райондук билим берүүнун Ардак грамотасы. 2018- жылы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин ардак грамотасы менен сыйланган.