Аязова Саида Жолдошказиевна

Башталгыч класстын мугалими

Аязова Саида Жолдошказиевна 1977-жылы 19-январда Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылында туулганмын. Үй бүлөдө жети бир тууганбыз үч кыз, төрт уулдун төртүнчүсүмүн. Атам Аязов Жолдошказы дыйкан чарбанын мүчөсү, апам Турдиева Зайырбү үй кожейкеси, учурда ата-энем ардактуу эс алууда.Бир туугандарым ар кандай кесиптин ээлери жана балдарына сүйүктүү ата-эне.

1994-жылы Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы М.В.Фрунзе атындагы орто мектебин бүтүрүп, 1998-жылы Жалал-Абад областындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, 2000-жылы “Артыкчылык диплом” менен бүтүргөм.   Ушул эле жылы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштап, азыркы учурга чейин мектепте үзүрлүү эмгектенип келүүдөмүн. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетине  сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2006-жылы “Кыргыз тили жана адабияты” мугалимдик адистигине ээ болдум.

Мен өзүмдүн педагогдук эмгек жолумда окуучуларга билим берүүдө балдардын кызыгуусун арттыруу максатында , стандарттуу эмес  сабак өтүү менен, ар бир баланын жөндөмүнө жараша сапаттуу билим берүүгө аракеттенем.2015-жыл.“Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу” жана 2017-жыл “Башталгыч класстар үчүн стандарттар”Сертификаттарына ээ болдум.

Райондук деңгээлде өтүлгөн“Жылдын мыкты мугалими-2018” кароо сынагында жогорку методикалык-педагогикалык чеберчиликти жана балдарга билим тарбия берүүдө өзгөчөлүктөрдү көрсөткөндүгүм үчүн “ Мээнеткеч мугалим” номинациясына ээ болдум.

Мектепте окуу кабинетин учурдун талабына ылайык эки жолу жабдып ,

“Жылды мыкты каана башчысы-2007”,“Жылдын мыкты каана башчысы-2013” наамына ээ болдум. Ошондой эле чыгармачыл мугалим катары райондук масштабда өзүмдү жеткиликтүү тааныта алдым.

Коомдук иштерге активдүү катышуу менен мектептин кадыр баркын көтөрүүдө, ар кандай иш алып барып  жаш өспүрүмдөрдү эмгекчилдикке, жаратылышты сүйүүгө үйрөтүп келем.

“Чыгармачыл жаш мугалим-2013” Райондук семинарда “USAID” , “READ” программаларынын жаңы методдорун колдонуу менен жаш мугалимдерге сабак өтүп иш тажрыйбамды жайылтып, ар кандай мастер-класстарды өтүп, бүгүнкү күндө өзүмдөн кийинки жаш мугалимдерге насаатчы катары эмгектенүүдөмүн. Эмгек жолумда тактыкты, чынчылдыкты жактырам. Мектептин , райондук билим берүүнүн Ардак грамоталары жана 2018-жыл. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минисрлиги Ардак грамотасы менен сыйлангам.

2021-жылдын 18.01.-05.02 күндөрүндо уюштурулган мугалимдин “Окууга үйрөтүү методикаларын жана мыкты сабактарды уюштурган көндүмдөрүн окутуу” өркүндөтүүгө багытталган  30 сааттык онлайн курстун сертификаты.  2021-жыл “Башталгыч класстарда тил менен предметти интеграциялап окутуу методикасынын негиздери”  деген сертификаттарына ээ болдум.

Үй бүлөлүмүн,  жолдошум Көчөрбаев Бактыбек Сапарбекович ЗРКда иштейт. Төрт кызды татыктуу тарбиялап келебиз.