Жумагулова Лира Назарбековна Жумгал районунун Көк-Ой айылында 1969-жылы туулган. 1976-жылы Көк-Ой орто мектебине 1-класска кирип, 1986-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган.1986-жылы Бишкек шаарындагы Владимир Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика жана башталгыч класстар факультетине тапшырган. 1991-жылы Институтту бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек жолун 1987-жылы Жумгал районунун Мин-Куш шаарчасындагы Максим Горький атындагы орто мектебинин пинер вожатыйы болуп иштөөдөн баштаган. 1989-жылдан баштап башталгыч классынын мугалими болуп иштеген. 1993-1997-жылдары Тогуз-Торо районундагы Маруса Жаңыбаева атындагы орто мектебинде башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенген. 2010-жылдан бери №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп, жаш муундарга талыкпай билим-тарбия берип келүүдө.
Эмгек жолунда семинар, жылдын мыкты мугалими сынагына катышып, сыйлыктарга ээ болгон.
Сыйлыктары:
2013-жылы Райондук элге билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы
2014-жылы Райондук деңгээлде өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими-2014” кароо сынагына активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамотасы.
2014-жылы Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
2017-жылы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
Үй бүлөлүү 3 уул, 3 кыздын энеси.