№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби Тогуз-Торо району
  • Меню
  • Мектеп
    • Кызматкерлер
    • Сыймыктанабыз
    • Окуу иштери
    • Усулдук кызматы
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
    • Социалдык-психологиялык кызмат
  • Жаңылыктар
  • Окуучуларга
    • Сабактардын жүгүртмѳсү 2023-2024-окуу жылы
    • Ийримдер жана секциялар 2023-2024-окуу жылы
    • Пайдалуу маалыматтар
  • Ата-энелерге
    • Ички тартиби
    • Мектепке кабыл алуу жөнүндө
    • Мектептин формасы
    • Ата-энелер мектеби-2024
  • Камкорчулук кеңеш
  • Галерея
  • Аккредитация
    • 1. Программалык аккредитация
    • 2. Институционалдык аккредитация
  • Байланышуу
  • директордун ишмердүүлүгү-2023-2024
КыргызскийРусский
  • Мектеп
    • Кызматкерлер
    • Сыймыктанабыз
    • Окуу иштери
    • Усулдук кызматы
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
    • Социалдык-психологиялык кызмат
  • Жаңылыктар
  • Окуучуларга
    • Сабактардын жүгүртмѳсү 2023-2024-окуу жылы
    • Ийримдер жана секциялар 2023-2024-окуу жылы
    • Пайдалуу маалыматтар
  • Ата-энелерге
    • Ички тартиби
    • Мектепке кабыл алуу жөнүндө
    • Мектептин формасы
    • Ата-энелер мектеби-2024
  • Камкорчулук кеңеш
  • Галерея
  • Аккредитация
    • 1. Программалык аккредитация
    • 2. Институционалдык аккредитация
  • Байланышуу
  • директордун ишмердүүлүгү-2023-2024
  • Главная
  • Галерея

I КАТЕГОРИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАР: 5 ПРЕДМЕТ БОЮНЧА КЫРГЫЗ КОМАНДАЛАРЫНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Жыл башынан бери кыргызстандык окуучулар математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда (I категориядагы) 1 алтын, 5 күмүш, 6 коло медаль жана 6 ардак грамота алышты.

БИОЛОГИЯ

2024-жылы Биология боюнча эл аралык  олимпиадада (International Biology Olympiad) Кыргыз Республикасынын окуучулары Дмитрий Рубан, Нурсултан Увалиев жана Байзак Карыпжанов коло медалга ээ болушса, Арсений Виноградов ардак грамота менен сыйланган.

Кыргызстан IBOго 1994-жылдан баштап катышып келет, бирок 2006-2007-жылдары катышкан эмес.

Кыргызстан катышуу тарыхында 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 9 ардак грамота алган.

Тагыраагы,

*1994-жылы – Рустем Иминов биринчи коло медалды,

*1996-жылы – 2 күмүш, 2 коло медаль,

*2000-жылы – бир күмүш медаль,

*2001-жылы – Нурмухаммед Усенканов алтын медаль,

*2011-жылы – бир коло медаль,

* 2012-жылы – бир ардак грамота,

*2016-жылы – 2 коло медаль, 2 ардак грамота,

*2017-жылы – бир күмүш медаль, бир ардак грамота,

*2019-2020-жылдары – 2 ардак грамота,

*2021-2022-2023-жылдары – 3 коло медаль, 2 ардак грамота,

*2024-жылы – 3 коло медаль, бир ардак грамота.

Биология боюнча дүйнөлүк олимпиада 1990-жылы 6 өлкөнүн катышуусунда башталган.

МАТЕМАТИКА

2024-жылы Кыргыз Республикасынын окуучусу Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad) биринчи алтын медалды алды.

Алтын медалды Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип келди.

Ошондой эле бул жылы математика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу алтын, 3 күмүш жана 2 мактоо баракчасына ээ болуп, командалык эсепте 122 упай менен 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Буга чейин команданын эң жогорку  көрсөткүчү 2003-жылы 49-орун болгон.

Эл аралык математикалык олимпиадага Кыргыз Республикасынын командалары 1993-жылы катыша баштаган. Бул жылдар аралыгында олимпиадага 176 кыргызстандык окуучу катышкан, анын ичинен 13ү кыздар.

Кыргыз Республикасынын курама  командасынын олимпиададагы алгачкы мактоо баракчасын 1994-жылы Нургүл Укуева алса, 2000-жылы биринчи коло медалды Мурат Абдувалиев, 2010-жылы биринчи күмүш медалды Азамат Аскаров алган.

Жалпысынан 30 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын командалары бир алтын, 4 күмүш, 12 коло жана 57 мактоо грамотасын жеңген.

ФИЗИКА 

2024-жылы Кыргыз Республикасынын окуучулары Физика боюнча эл аралык олимпиадада (International Physics Olympiad) бир коло медаль, бир ардак грамотага ээ болушту.

Коло медалды Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали тагынса, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алды.

Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу Физика боюнча эл аралык олимпиадага (IPhO) 2002-жылы катышкан. Ошол эле жылы биздин команда биринчи медалды жеңип, Мирбек Самиев күмүш медаль менен сыйланган.

2004-жылы олимпиадада кыргыз командасы ийгиликке жетишип, Султан Именов ардак грамота алса, Дамир Калашников биринчи коло медалды жеңген.

Бул жетишкендиктер Кыргызстандын физикалык олимпиадаларга катышуусунда маанилүү этаптарды белгилеп, улуттук командасынын ийгиликтүү даярдыгынын жыйынтыгы болуп саналат.

Жалпы жонунан өлкөбүздүн физика  боюнча командасынын жетишкендиктери:

* 2002-жылы – 1 күмүш медаль,

* 2004-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2005-жылы – 1 ардак грамота,

* 2006-жылы – 2 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2007-жылы – 1 күмүш медаль, 1 ардак грамота,

* 2008-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2010-жылы – 2 ардак грамота,

* 2011-жылы – 1 коло медаль, 2 ардак грамота,

* 2012-жылы – 1 ардак грамота,

* 2013-жылы – 1 ардак грамота,

* 2014-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2015-жылы – 1 ардак грамота,

* 2016-жылы – 1 коло медаль, 2 ардак грамота,

*2017-жылы – 2 коло медаль, 3 ардак грамота,

* 2018-жылы – 2 коло медаль, 2 ардак грамота,

* 2019-жылы – 1 ардак грамота,

* 2022-жылы – 1 ардак грамота,

* 2023-жылы – 1 ардак грамота,

* 2024-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота.

ХИМИЯ

2024-жылы Кыргыз Республикасынын окуучусу Иван Решетников Химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада (International Chemistry Olympiad) коло медаль тагынса, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамотага татыктуу болду.

Кыргыз Республикасынын командасы Химия боюнча эл аралык олимпиадага  биринчи жолу 1998-жылы катышкан. 2003-жылы Сыргак Жумабаев биринчи коло медалды алса, 2007-жылы Кайнар Камалов биринчи күмүш медалды тагынган.

Учурда өлкөнүн командасынын капчыгында 2 күмүш, 20 коло жана 12 ардак грамота бар.

* 2002-жылы – 3 ардак грамота,

*2003-жылы –1 коло медаль, 2 ардак грамота,

* 2005-жылы – 3 коло медаль,

* 2006-жылы –1 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2007-жылы – 1 күмүш медаль, 1 ардак грамота,

* 2008-жылы –1 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2009-жылы –1 коло медаль,

* 2012-жылы – 1 коло медаль,

* 2015-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,

* 2016-жылы – 1 коло медаль,

* 2017-жылы – 2 коло медаль,

* 2018-жылы – 1 ардак грамота,

* 2019-жылы – 1 коло медаль,

* 2020-жылы –1 күмүш медаль, 2 коло медаль,

* 2021-жылы – 1 коло медаль,

* 2022-жылы – 2 коло медаль,

* 2023-жылы –1 коло медаль, 1 ардак грамота,
* 2024-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота.

ИНФОРМАТИКА

2024-жылы кыргызстандык окуучулар Информатика боюнча эл аралык олимпиадада (International Olympiad in Informatics) 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота менен сыйланды.

Тагыраагы, “Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.

Кыргыз Республикасынын окуучулары жалпы командалык эсепте 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.

2000-жылдан бери кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда 1 күмүш, 17 коло медалга ээ болушкан.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын математика, физика, информатика, химия жана биология боюнча командаларынын эл аралык олимпиадаларга баруусу үчүн каражат республикалык бюджеттен бөлүнсө,  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жылдык төлөмдөрү (взностору), окуучулар менен тренерлердин катышуусуна кеткен каражат төлөнөт.

Поделиться

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий
Другие галереи
МИНИСТР ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫН УКТУ
17.09.2024 0 19
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ STEM ТАРМАГЫНДАГЫ ПРЕДМЕТТЕР БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕГЕН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
17.09.2024 0 14
1-сентябрь БИЛИМ КҮНҮ
12.08.2024 0 24
Иманберди уулу Иса атага 100 жыл
14.03.2024 0 39
Иманберди уулу Иса атага 100-жыл аталышындагы тарбия саттар.
23.05.2023 0 71
    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    +996 (XXX) 000000

    Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т. Кожалиев №27

    © 2026 – №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби Сайт разработан и поддерживается EDUGATE • Публичная оферта