Ички тартиби

           2023-2024-окуу жылындагы каникулдар

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында  2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө КР, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты.

Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн  мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин  2023-жылдын     1-августундагы №4807/1  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн  2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө ” буйругунун негизинде жалпы билим берүү уюмдарында окуу тарбиялоо процессин талаптагыдай уюштуруу жана өткөрүү каралган.

Ага ылайык билим берүү мекемелеринин менчик түрүнө карабастан, 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

Ошол эле  буйруктун негизинде окуучулардын каникулдарынын графиги да түзүлдү. Алсак, күзгү каникулду 7-күн 2023-жылдын 6-12-ноябрында өткөрүп, сабактарды   2023-жылдын 13-ноябрында баштоо, кышкы каникулду 14 күн 2024-жылдын                1-14-январында өткөрүп сабактарын 2024-жылдын 15-январынан баштоо, ал эми жазгы каникулду 11-күн 2024-жылдын 21-31-мартында өткөрүп сабактарды 2024-жылдын      1-апрелинен баштоо белгиленди.

Буйрук 4882/1,16.08.2023-жыл.

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында 2023/2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө

Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                 22-июлундагы №393 “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн  мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин  2023-жылдын     1-августундагы №4807/1  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн  2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө ” буйругуна ылайык жалпы билим берүү уюмдарында окуу-тарбиялоо процесстерин талаптагыдай уюштуруу жана өткөрүү максатында буйрук кылам:

  1. Түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023/2024-окуу жылдын 1-сентябрда башталсын 2024-жылдын 25-майында аякталсын.
  2. 2023-2024-окуу жылына карата түрлөрүнө жана менчик таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын баардык жалпы билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй мектептик каникулдардын графиги бекитилсин:
  • Күзгү каникулдар 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-12-ноябрында өткөрүлсүн, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталсын:
  • Кышкы каникулдар 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-14-январында өткорүлсүн, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталсын;
  • Жазгы каникулдар 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-31-мартында өткөрүлсүн, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталсын.
  • Биринчи класстарынын окуучулары үчүн 3 чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылсын.

 

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 2022-2023-окуу жылында беш күндүк окуу жумалыгы менен окушат.Сабактар 1-сентябрда башталып,25-майда бүтѳт
Окуу жылынын узактыгы каникул убактарын эсепке албаганда:
1-класста – 33 жуманы,2-8.10-класстарда – 34 жуманы,9,11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убакыты менен 36 жуманы түзөт.
Каникул убагы 30 календардык кундү тузөт.
Каникулдардын графиги:
Күзгү — 7 күн:31.10.2022 – 06.11.2022.
Кышкы — 12 күн: 30.12.2022 – 10.01.2023;
Жазгы — 10 күн: 20.03.2023-29.03.2022.сабак-30-мартта башталат.Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү 3-чейректе кошумча бир жумага узартылат.Сабактын узактыгы 1-класста -40минутаны,2-11-класстарда-45минутаны түзөт. Сабактар 8-00 сааттан эрте башталбайт.