Сабактардын жүгүртмѳсү 2023-2024-окуу жылы

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 2023-2024-окуу жылында беш күндүк окуу жумалыгы менен окушат.Сабактар 1-сентябрда башталып,25-майда бүтѳт
Окуу жылынын узактыгы каникул убактарын эсепке албаганда:
1-класста – 33 жуманы,2-8.10-класстарда – 34 жуманы,9,11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убакыты менен 36 жуманы түзөт.
Каникул убагы 30 календардык кундү тузөт.
Каникулдардын графиги:
Күзгү — 7 күн:3.11.2023 – 13.11.2023.
Кышкы — 12 күн: 29.12.2023 – 15.01.2024;
Жазгы — 11 күн: 20.03.2024-1.04.2024.сабак-1-апрелде башталат.Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү 3-чейректе кошумча бир жумага узартылат. Сабактын узактыгы 1-класста -40минутаны,2-11-класстарда-45минутаны түзөт.  Сабактар 8-00 сааттан эрте башталбайт.