Окуу иштери

Окуу иштери«Акындар ыр окушат» аттуу поэзия кечесинен.

Окуу иштери

Окуу иштери

Окуу иштериОкуу иштери

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги райондук билим берүү бөлүмүнүн  30.01.2023-жылындагы  №10-буйругун аткаруу максатында  21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнүн бир айлыгын өткөрүүгө карата аткарылган иштер боюнча маалыматы

   21-февраль- Эл аралык эне тил күнүнүн  бир айлыгына карата мектепте  иш чара түзүлүп, иш чаранын негизине иштер аткарылып жатат. 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнүн бир айлыгына карата тилди өнуктүрүүгө, кызыкчылыгын сыйлоого арналган бурчтар уюштурулду.

21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө  карата “Эне тилим- эне сүтүм” деген темада 8-11-класстар арасында окуучулар арасында дил баян  жазылып,11-класстын окуучуларынан Алмазбекова Каухар жана Мелисбекова Бермет, 10-класстын окуучуларынан  Рыспекова Рабига жана Каныбекова Аделина,8а-класстын окуучуларынан  Турдакунова  Асема, Күмүшбекова Раиса, 8б-класстын окуучуларынан Таалайбек кызы Бактыгүл, Бапанова Айэлина, Сыргакова Элландалардын дил баяндары мыкты деп табылды.

21-февраль -Эне тил күнүнө карата  ачык  тарбиялык сааттарды өтүлдү.              9а-класстын класс жетекчиси А.Абдразакова “21-февраль-Эне тил күнү” деген темада ачык тарбиялык саат өттү, тарбиялык саатта окуучуларга эне тилинин тарыхы жөнүндө слайд жана видеолор  көрсөтүлүп, окуучулар  эне тилин сыйлоого, барктоого тарбияланышты.

20-февралда   21-февраль -Эне тил күнүнө карата “Акындар ыр окушат” деген темада поэзия кечесин  кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Көлбаева өттү.

“Акындар ыр окушат” деген темада поэзия кечесинде 5-11-класстар арасында жалпы 17 окуучу катышып,окуучулар өздөрүнүн эне тили күнүнө карата чыгарган чыгармаларынын окуп беришти. Жыйынтыгында эң мыкты жазып келген ырлар тандалып окуучуларга  китеп белектер берилди.

9а-класстын окуучусу Дүйшөналиева Айгерим, 9б-класстын окуучусу Аскарова Сауле 11-класстын окуучусу Жаныбек уулу Салымбек 10-класстын окуучусу Рыспек кызы Рабига Жумагулова Лира Гапыр Мадаминовдун “Асыл сапат” деген китебин белекке тартуулады.

21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө  карата  китепканачы М.Сабыралиева жана жаш талант ийриминин жетекчиси Ж.Клбаева салтанаттуу линейка өтүшү.Линейкада окуучулар 21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнүн тарыхы боюнча жана ыр -бийлер жана 21-февраль -Эл аралык эне тил күнү боюнча окуучуларга суроолор берилип,туура жооп берген окуучуларга таттуу белектер берилди.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.Сатиева  21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө  карата 6-класстарга адабият сабагынан  Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим”   деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакта мугалим Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча видео тасма көрсөтүлдү. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын сүрөттөрү илинди.

Ийрим жетекчилердин жетекчилиги менен   21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө  карата дубал газеталар жаңыртылды.

 

Сүрөт ийриминин жетекчиси  Асейин кызы Санира 21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө  карата сүрөт плакаттар уюштурулуп,  эң мыкты деп   класстын    сүрөт плакаттары аныкталды.

Окуу бөлүмүнүн башчысы:                   Назаралиева Чолпон