Ата-энелер үчүн маалымат

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде ата-энелер менен бирге өтүлүүчү чогулуштун маселелери.

Каралуучу маселелерӨтүү мөөнөтүКим жооптуу
11.Билим сапаты боюнча маалымат берүү.

2.Окуучулардын формалары жана уюлдук телефонду чектелүү түрдө колдонуу боюнча.

3.Ата-энелер комитетинин курамын шайлоо жана иш план бекитүү.

Сентябрь Администрация
21.Билим сапаты боюнча маалымат берүү.

2.Кылмыштуулуктун алдын алуу

3.Энелер мектебинин иши тууралуу маалымат.

Ноябрь Администрация
31.Билим сапаты боюнча маалымат берүү.

2.Зордук-зомбулуктун алдын алуу

3. Окуучулардын сабакка катышуусу, тазалыгы, формасы.

Февраль Администрация
41.Билим сапаты боюнча маалымат берүү.

2.Окуучулардын тартип-тазалыктары боюнча

3.Ата-энелер комитетинин отчёту.

Апрель Администрация

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин  ата-энелер чогулушунун 

ПРОТОКОЛУ №1

12.09.2022-ж                                                                                        Казарман айылы

Катышкандар: 80 ата-эне

Мектеп директору Шайыкова Гүлзада, Тогуз-Торо РИИБдин ЖЖЭИ боюнча участкалык инспекторлору Ботоканов Жолдубай, окуу бөлүмүнүн башчысы Назаралиева Чолпон, уюштуруучу Эгембердиева Жыпаркүл,  соцпедагог Каныбек кызы Айгөкүл,коомдук уюмдар, класс жетекчилер.

Күн тартибиндеги каралуучу маселе:

  1. Ата-энелер комитетин бекитүү .
  2. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  3. ЖРТ, олимпиадага даярдык.
  4. Жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу сунуш боюнча.
  5. Окуучулардын мектеп формасы боюнча.

Угулду: Мектептин уюштуруучусу Эгембердиева Жыпаркүл билдирүү жасады. Саламатсыздарбы бүгүнкү чогулуштун катышуучулары. Бүгүнкү чогулушка 23 класс жетекчи жана 80 ата-эне катышып отурат. Бүгүнкү чогулушту ачык деген жолдоштор бирден добуш берип койсоңуздар. Бүгүнкү чогулушту ачып берүү үчүн сөздү мектеп директору  Шайыкова Гүлзада Асановнага берсек.

Мектеп директору Гүлзада  Шайыкованын сөзү: Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер! Жаңы окуу жылынын башталашы менен.  Балдарыңыздарды жакшы караңыздар, сабактан калтырбаңыздар. Мектепке окуучулук форма менен жибериңиздер. Балдар биздин келечегибиз, окуучулардын тартибине  кайдыгер карабастан сиздер үйдөн, биз мектептен жакшы тарбия берели.  Азыркы учурда одоно тартип бузуулар болгон жок. Кечкисин көчөгө чыгарбаңыздар. Балдардын коопсуздугун сактаңыздар.

Уюштуруучу Эгембердиева Жыпаркүл:  2022-2023- окуу жылына карата  ата-энелер комитетин шайлап алсак.

Жарыш сөз:

Сасиева Гүлзат-Быйылкы  окуу жылына карата Төрөбекова Саадатты ата-энелер комитетинин төрайымы катары көрсөтөлү. Себеби Саадат эже ушул убакка чейин ата-энелер комитети болуп иштеп келе жатат.  Мектеп менен тыгыз байланышып, мектептин коомдун иштерине активдүү катышат.

Борболдоева Анара – мүчөлөрүнө  Жолдошова Гүлназинаны көрсөтсөк. Гүлназина буга чейин да иштеп жүргөн, мектеп менен тыгыз байланышта болуп турат.

Асыранкулова Минагүл- Алымбекова Рахат да мектеп менен ар дайым тыгыз байланышта болуп турат, Рахатты да ата-энелер комитетинин жардамчысы кылып шайлап алсак жакшы болмок.

2-маселе боюнча  Тогуз-Торо РИИБдин ЖЖЭИ боюнча участкалык инспектору Ботоканов Жолдубай  кылмыштуулуктун, суициддин жана укукка каршы келген аракеттердин алдын алуу максатында төмөндөгүдөй маалымат жасады.

Урматтуу ата-энелер биздин бул жерге келгенибиздин себеби- окуучулар арасында кылмыштуулук, суицид жана укукка каршы келген аракеттердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, азайтуу жана болтурбоо.  Келечектин ээси болгон балдарыбыздын билимдүү, илимдүү, тарбиялуу болуп чоңоюшуна ар бирибиздин салымыбыз чоң. Ошондуктан балдардын тартибине көнүл буруп, үйдөн жакшы көзөмөл кылыңыздар.  Эгерде кылмыш кылып учётко алынып калса, жогорку окуу жайга тапшырууда жана жумушка орношууда кыйынчылык болот. Себеби: жогорку окуу жайга тапшырууда жана жумушка орношууда ички иштер бөлүмүнөн тактама алынат,   мамлекеттик жумушка орношо албай калышат. Кечки саат  21-00дөн кийин көчөгө чыгарбаңыздар. Биринчи, экинчи жолкусунда эскертүү берилет. Эгер жыйынтык чыкпаса учётко алынат.

Жарыш сөз:

Эгембердиева Жыпаркүл — Урматтуу ата-энелер балдардын жаркын келечеги үчүн ар бир ата-эне аракет кылыңыздар. Окуудан сырткаркы убакта кайда жүргөнүнө көзөмөл кылып туруңуздар.

Төрөбекова Саадат- Ооба балдардын жаркын келечеги үчүн ата-эненин ролу чоң.   Ар бир ата-эне мектеп менен, класс жетекчи менен тыгыз байланышып, балдарыбыздын тартибине көңүл буралы.

3-маселе боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Назаралиева Чолпон сөз сүйлөдү- Былтыркы окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болду. Быйыл да  балдарыңыздарга жардам берип, кошумча окууларга окутуңуздар. Мектепте эки предмет боюнча окутулуп жатат, математика жана кыргыз тилинен. Мектепке убакыт бөлүп жиберип туруңуздар Үйдөн окууларына жардам бериңиздер. Ал эми олимпиада боюнча айтсам, былтыркы окуу жылында бир да окуучу орунга жетпей калды.   Олимпиадага  9-11-класстар ар бир предметтен катышат. Даярдык эми башталат. Ага да түшүнүү менен мамиле кылып, даярдыгына калтырбай жиберип туруңуздар. Үйдөн көзөмөл кылып, курстарга жибериңиздер, балдар мектеп менен гана чектелбестен ар кандай курстарга барышсын. Балдар  жакшы жетишкендикке жетсе, барыбыз үчүн сыймык.

Жарыш сөз:

Борболдоева Анара  — Ооба балдарыбыздын ийгиликтерине биздин да, мугалим эжекесинин да салымы чоң. Балдарыбыз ийгиликке жетишсе абдан сыймыктанабыз да. Ошондуктан ар бир ата-эне балдарыбыздын  келечеги үчүн колдон келишинче жардам беришибиз керек.

4-маселе боюнча мектептин уюштуруучусу  Эгембердиева Жыпаркүл  сөз сүйлөдү:  Урматтуу ата-энелер КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 30.08.22-ж №1655/1 буйругундагы жалпы билим  берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу буйругун аткарууну тапшырат.   Уюлдук телефон тууралуу айтсак, телефон көтөргөн жакшы, кайда жүргөнүн билип турасыздар. Бирок сабак учурунда уурданып телефон карап, сабакка көңүл бурбай отурган окуучулар да бар. Телефондон жаман оюндарга кошулуп алышып, балдардын психологиялары бузулуп атат. Телефондон жазышып,  урушуп атышат. Телефондорун көзөмөл кылыңыздар. Мектепке уюлдук телефонду таптакыр бербеңиздер. Сабак учурунда уюшуп алып ойноп отурушат.

Жолдошова Гүлназина- Телефонун алып бербей эле койсок. Телефонго алаксып, сабак окубай жатышат. Телефондун ичиндеги жаман нерселерди  көрүп жатышат. Балдарыбызга көп көңүл бөлөлү.  Сабактарына келип катышып туралы.

Калыбек кызы Саткын- Чындыгында балдарга сотка терс саасирин тийгизүүдө, менин баламдын да колунан сотка түшпөй калды. Биз ата-энелер колубуздан келишинче жакшы тарбия бергенге аракет кылалы.

Кадыржанов Улан- Балдарыбыздын телефон колдонушуна биз деле каршыбыз. Мектептен тыйсаңыздар ата-энелер колдойбуз.

5-маселе боюнча уюштуруучу Эгембердиева Жыпаркүл билдирүү жасады- КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-сентябрындагы №704 жана 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтомдоруна ылайык, КРнын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын формасына бирдиктүү талаптар жана техникалык регламент бекитилгенине карабастан, окуучулардын мектеп формасына байланышкан маселелер кайра-кайра көтөрүлүп, коомчулуктун назарын буруп келүүдө. Андыктан КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жогорудагыдай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдары мектеп формасы боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө тийиш деп эсептейт. Ошону менен бирге мектеп формасына байланыштуу окуучулардын жалпы көрүнүшү, өңү, фасону классикалык мүнөздөгү кийимдерди кийүү талап кылынарын эскертет жана бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.

Жогоркуларды  угуп жана   талкуулап

 Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

1.2022-2023-окуу жылына карата ата-энелер комитетинин төрайымы Төрөбекова Саадат, мүчөлөрүнө Рыспаева Гүлнара, Молдокадырова Гүлмира шайлангандыгы белгиленсин.

2.Кылмыштуулук боюнча түзүлгөн келишимди аткаруу жагы ата-энелерге милдеттендирилсин. Көзөмөлдөө жагы класс жетекчиге тапшырылсын.

3.Окуучулардын ЖРТга жана олимпиадаларга даярдык көрүүсүн көзөмөл кылуу жагы        ата-энелерге жана предметтик мугалимдерге милдеттендирилсин.

4.Уюлдук байланыш каражаттарын окуучулардын чектелүү түрдө колдонуусун көзөмөл кылуу жагы класс жетекчилерге жана ата-энелерге тапшырылсын.

5.Буйрукту аткаруу жагы ар бир ата-энеге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы класс жетекчиге жүктөлсүн.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы уюштуруучуга жүктөлсүн.

    Чогулуш  башчысы: Эгембердиева Ж. М. 

    Чогулуш  катчысы : Асейин кызы С.

Кабар кылабыз

КР Билим берүү Министрлиги Бишкек шаарынын мектептеринде 15-февралдан баштап, «мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык система менен иш алып барат.

http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА

 

Ата-энелер үчүн статьялар

Скачать «Психологические особенности мальчиков и девочек подростков»

Скачать «Памятка родителям о физическом наказании»

Скачать «Компьютерная зависимость у подростков»

Скачать «Подрастковый возраст»

Скачать «Профилактика асоциального поведения у подростков»

Скачать «Иммунитет на пять»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета