Бейшеева Зарина Койчуевна 2021-жылы Тогуз-Торо районунда, райондук деңгээлде өткөрүлгөн “Жылдын мыкты санарип мугалими — 2021” кароо сынагына информатика предметинен катышып мамлекеттик билим берүү стандартын турмушка ашырып, жаңы педагогикалык, усулдук ыкмаларды пайдаланып, билимин жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн “Баш байге” наамы ыйгарылган.
Ошол эле жылы областтык “2021-жылдын мыкты мугалими санариптик педагогика” конкурсунда активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота жана “Жалал-Абад” санаториясына 10 күндүк жолдомого ээ болгон.