ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДЕ ЭЛ АРАЛЫК PISA ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫ КАНТИП АТКАРЫЛАТ
PISA (Programme for International Student Assessment) – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин, практикада колдонуу билгичтигин баалоо боюнча эл аралык программа бүгүнкү күндө актуалдуу. Сынак 1997-жылы иштелип чыгып, биринчи жолу 2000-жылы башталган. Бул программа экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырыла турганы бизге белгилүү. Бул актуалдуу маселени чечүүдө Кыргызстанда 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышуу максатында билим берүү системасында иш—аракеттер жүргүзүлүүдө.
PISAда билим берүүнүн сапатын мониторинг жүргүзүү аркылуу төрт негизги багытта окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илимдер боюнча сабаттуулук жана компьютердик сабаттуулук боюнча жүргүзүлөт. PISA мектепте билим берүү сапатын баалоо мониторингинин максаты чыныгы жашоодо мектепте алган билимдерди колдоно билүүнү баалоо. Изилдөөнүн объектиси 15 жаш курагындагы окуучулар. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул куракка келгенде милдеттүү билим алуу менен аяктайт. Мамлекеттик программа боюнча орто мектепте билим алуу жогорку класстарда көп айырмаланбайт. Билим берүүнүн биринчи этабы өтө маанилүү: себеби баштапкы билим, билим алуунун негизги пайдубалы болуп саналат. Эгерде балада жеке жөндөмдүүлүгү жана өз алдынча үйрөнүү сапаты болсо, анда ал коомдо жеңил ийгиликке жетүүсү абзел. Дүйнөдөгү тездик менен болгон өзгөрүүлөргө окуучулардын көндүмдөрүн калыптандыруу; учурдун заманбап мезгилиндеги пайдалуу кесиптерге багыттоо, заманбап технологияларды пайдаланууга билим, билгичтик көндүмдөрүн, көйгөйлөрдү чечүүгө даярдоо, сунуштарды киргизүүгө машыктыруу; чет өлкөлүк билим берүү жыйынтыктарын азыркы билим берүүнүн максаты менен жуурулуштуруу; дүйнөдөгү жана өлкөдөгү билим берүү прогрессинин ылдамдыгын салыштыруу; билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйба менен ой бөлүшүү жана пикирин айта билүүгө машыгуу болуп эсептелет. PISA-окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин, ар түрдүү сферанын кеңири диапазонун чечүүгө багытталганы менен өзгөчөлөнөт. Демек, программанын функционалдык сабаттуулугу жана анын функциялары, табигый илимий сабаттуулуктар, PISA изилдөөсүндө окуучулар ээ болуучу деңгээлдер, окуучулардын табигый билимдер боюнча сабаттуулугун баалоонун ыкмалары аркылуу гана ишке ашырылат. Функционалдык сабаттуулук – алган билимдерин күнүмдүк маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүдө колдоно билүү. Коомдогу фактыларды талдайт, жалпылайт жана өзүнө керектүүсүн кабыл алат.
Математикалык сабаттуулук – ар түрдүү контексттерде математиканы формулировкалоо, колдонуу жана интерпретациялоо жөндөмү. Ал өзүнө математикалык талдоо жана кубулуштарды сүрөттөө, түшүндүрүү жана прогноздоо үчүн математикалык түшүнүктөр, процедуралар, фактылар жана инструментарийлер боюнча математикалык ой жүгүртүүлөрдү колдонуу.
Табигый-илимий сабаттуулук – илимий методдордун жардамы менен изилденип, такталып, байкоолорго жана эксперименттерге негизделген тыянактарга алып келүүчү реалдуу кырдаалдардагы көйгөйлөрдү табигый-илимий билимдерди колдонуу менен аныктоого жөндөмдүүлүк. Ал тыянактар курчап турган дүйнөнү, адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан андагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу.
Окуу сабаттуулук – жазуу түрүндө берилген тексттерди түшүнө билүүсү жана ой жүгүртүүсү, өз максаттарына жетүү үчүн аларды пайдалана билүүсү. Окуу технологияларына жана аларды түздөн-түз кабыл алуусуна гана баа берилбестен, текстти окуп түшүнүп жана ой жүгүртүүсүнө, аларга болгон көз караштарына, мамилелерине да көңүл бурулат.
Маселелерди чечүү компетенттүүлүгү – реалдуу-дүйнөлүк маселелерди чечүүдө таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн пайдалана билүү. Тестте деңгээлдер боюнча берилген ар түрдүү суроолорго эркин жооп берүү жана талдай билүү. Табигый илимдерде концептуалдык ой жүгүртүү, чечимдерди кабыл алуу, окуучулар компетенттүүлүктөр аркылуу ээ болуучу натыйжаны аныктоого үйрөнө билүү. Мектептерде билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүдө окуучулардын жалпы билим алуусуна жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү.
Окуучулардын математикалык, окуу жана илимий сабаттуулугун текшерүүдө PISA эл аралык изилдөөсүнүн тесттик тапшырмаларынын үлгүлөрү иштелип берилди. “Суу–жашоонун булагы” тексттин негизинде бирден алтыга чейинки деңгээлдеги тесттик тапшырмалар суроолору жана жооптору менен берилди. Суу – суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси болуп эсептелет. Ал шартка жараша түрдүү абалда (буу, булут, жаан, кар, мөңгү, муз) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ экени баарыбызга белгилүү. Ал эмес 22-март дүйнө жүзү боюнча Суу ресурстарынын күнү катары белгиленип келүүдө. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечими менен кабыл алынган. Күн системасынын башка планеталарына салыштырганда Жерде жашоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Анткени Жерде суунун үч абалда сакталып турушуна ыңгайлуу температура бар. Жерде жаан-чачын болуп турат, дарыялар жана океандар бар. Суу мейкиндиги Жердин 391134060 км2 аянтын ээлейт.
Комментарии