Мектептин окуучуларынын кеңеши

Окуучулардын коомдук активдүүлүгү

 Мектепте ар бир баланын коомдошуусун камсыз кылган ѳз алдынча башкаруу системасы иштейт. Окуучулардын мектептик Кеңешине 9-11-класстын окуучулары кирет. Окуучулардын Кеңеши чыгармачылык иштердин демилгечиси болуп эсептелет жана класстык окуучулук Кеңештердин иштерин багыттайт.

Мектептик ѳз алдынча башкаруу – ар бир окуучу ѳзүнүн орунун аныктай ала турган, ѳзүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн жана шыктарын кѳрсѳтүп колдоно ала турган бирдиктүү жана ѳз алдынча жашоонун ѳтүшүнүн режими. Балдардын коллективинин активдүүлүгүнүн ѳсүшү үчүн чоңдордун жана балдардын ѳз ара мамилелеринин стили чечүүчү ролду ойнойт. Бул жерде балдардын күчүнѳ ишенүү, алардын демилгелерин, ѳз алдынча ишмердүүлүгүн максималдуу колдонууга жана ѳнүктүрүүгѳ умтулуу, коллективдин жашоосундагы бардык маселелерди чечүүдѳгү алардын ѳз алдынчалуулугун тарбиялоо.

Окуучулардын ѳз алдынча башкаруусу балдардын жана педагогдордун ѳз ара байланышын сѳзсүз түрдѳ талап кылат.  Балдар чоңдордүн жардамына муктаж, ѳзгѳчѳ эгерде аларда ѳз ара мамилелердин кѳйгѳйлѳрү болсо. Психологиялык билимдерге ээ жана педагогикалык тажрыйбага ээ педагог ѳз убагында коллективдеги конфликти алдын ала токтото алат, баланын ишмердүүлүгүн туура жакка багыттап, балага кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ, ѳзүнүн ордун бекемдѳѳдѳ  жардам бере алат. Бала үчүн жумушту жасабай жардам гана берет, болбосо балдар ѳзүнүн кызматына формалдуу мамиле жасап калышат. Балдар иш жүзүндѳ  жумуштун белгилүү бѳлүктѳрүндѳр уюштуруучу болушу үчүн аларга жѳн гана укукту берип коюу жетишсиз, аларды ѳздѳрүнүн милдеттерин аткарууга жана ѳзүнүн укуктары менен колдонууга үйрѳтүү зарыл. Ата-энелер комитети тарабынан дагы колдоо кѳрсѳтүлѳт жана ар кандай жардам берилет. Мектепте аталардын Кеңеши түзүлгѳн.

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулар комитетинин 2022-2023-окуу жылынын      Ⅰ жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш план:

 

 

Иштелүүчү иштин темасы:мөөнөтүКим аткаратЭскертүү
1Окуучулардын санитардык гигиеналык абалын жана окуу куралдарынын тазалыгын текшкрүү.(рейд.)Жума сайын Ок мүчөлөрү 
2Мектепте өткөрүлүп жаткан ар бир иш чаранын тартибин сактоо, күндүн күзөтүн уюштуруу. Даталуу күндөрү убагында Ок мүчөлөрү 
323-сентябрь “Мамлекеттик тил күнүнө карата” дубал газета чыгаруу.сентябрь Ок мүчөлөрү 
4“Мугалим мөмөлүү дарак” темасында концерттик программа уюштуруу.октябрьОк мүчөлөрү 
5“Тамеки ден соолуктун душманы” видео конкурс.октябрьОк мүчөлөрү 
6“зордук зомбулукка жол жок” тегерек стол.ноябрьОк мүчөлөрү 
7“Ак терек, көк терек” конкурс 8-класстарноябрьОк мүчөлөрү 
8Эркин темада дебат өтүү.декабрьОк мүчөлөрү 
9“Көгүлтүр от” кечедекабрьОк мүчөлөрү 

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин                            2022-2023-окуу жылындагы окуучулар комитетинин мүчөлөрү.

 

1

 

Окуучулар комитетинин башчысыЖаныбек уулу Салымбек
2Окуучулар комитетинин жардамчысыАлмазбекова Каухар
3Маданият жана эмгек комитетиТоктоназарова Элиза
4Ден соолук жана тазалык комитетиМелисбек кызы Акак
5Спорт секторуУланбеков Алишер
6Кыздар уюмуМелисбек кызы Бермет
7Коопсуздук комитетиОрозбеков Эмир,  Бактыяров Байэл
8Манас кошунун башчысы:Асанбеков Ислам
9Семетей кошунун башчысыБорошов Нурэл
10Сейтек кошунун башчысыЖыргалбеков 

                           №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин                                              2022-2023-окуу жылындагы окуучулар комитетин шайлоо чогулушу                                                          

       Жалпы-137                                                                                                  Катышканы-129

 Күн тартибинде каралуучу маселелер:

1.Окуучулардын комитетин жана мүчөлөрүн шайлоо

2.Окуучулардын тартип тазалыгы боюнча сүйлөшүү.

  1. Телефон маселесин чечүү.

Угулду:

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча мектеп уюштуруучусу Ж.Эгембердиеванын билдирүүсү.   Саламатсыздарбы урматтуу окуучулар, биринчиден силерди жаңы 2022-2023-окуу жылынын башталышы менен куттуктайм жана ийгиликтерди каалайм. Жаңы окуу жылына карата биз өзүбүзгө окуучулар комитетин жана мүчөлөрүн шайлап алсак.  Окуучулардын макулдугу менен төмөнкү окуучулар шайланышты:

Окуучулар комитетинин башчысы:        Жаныбек уулу Салымбек

Окуучулар комитетинин жардамдычы:  Алмазбек кызы Каухар

Маданият комитети:                                   Токтоназарова Элиза

Тазалык :                                                     Мелисбек кызы Акак

Кыздар уюму:                                             Мелисбек кызы Бермет

Спорт сектору:                                            Уланбеков Алишер

Коопсуздук комитети:                                Орозбеков Эмир

Бактыяров Байэл

Манас кошунун башчысы:                          Асанбеков Ислам

Семетей кошунун башчысы:                       Борошов Нурэл

Сейитек кошунун башчысы:                       Жыргалбеков.

Экинчи маселе боюнча: Шайланган окуучулар комитети өздөрүнө тиешелүү кылып иш план түзүп, ошол боюнча иш алып баруу макулдашылды жана ар жума сайын рейдке чыгуу жагы каралды. Ал эми рейддин жыйынтыктары атайын линейкада айтылаары сүйлөшүлдү. Ар бир комитет өз ишин так аткарууга сөз беришти.

Үчүнчү маселе боюнча уюштуруучу Ж.Эгембердиева окуучулардын айрым сабактарда окуучулар телефон кармап ойноп олтургандыгына байланыштуу телефондорду мектепке такыр алып келбөө маселеси каралды. Буга окуучулардын көз караштары ар түрдүү болуп, өз ойлорун ортого салып талкуулашты да макулдуктарын беришти.

Чыгып сүйлөгөндөр:

Асейин кызы Санира- урматтуу окуучулар көрсөткөн ишеничтерди актайт деп ишенебиз жана ийгиликтерди каалайбыз.

Жаныбек уулу Салымбек- Саламатсыздарбы урматтуу окуучулар мага ишеним көрсөтүп колдоп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана ишеничиңиздерди актайм деп сөз берем.

Алмазбек кызы Каухар-телефон кээ бир предметтерге керек болуп жатат да бирок көпчүлүк эмне десе кошулам.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.2022-2023-окуу жылына карата  окуучулар комитети болуп төмөндөгүлөр шайлангандыгы белгиленсин- Окуучулар комитетинин башчысы- Жаныбек уулу Салымбек , мүчөлөрү- Алмазбек кызы Каухар, Токтоназарова Элиза, Мелисбек кызы Акак,  Мелисбек кызы Бермет, Орозобеков Эмир, Бактыяров Байэл, Уланбеков Алишер, Асанбеков Ислам, Борошов Нурэл,  Жыргалбеков.

2.Окуучулардын тартип тазалыгын көзөмөлдөө жагы Асейин кызы Санирага жүктөлсүн.

3.Телефон маселесин кароо жагын ар бир класс жетекчиге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы уюштуруучу Ж.Эгембердиевага милдеттендирилсин.

Чогулуш башчысы:                  Ж.Эгембердиева.

Чогулуш катчысы:                 Асейин к С.

 

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета