Акматов Жумабай Кыдыршаевич 1974-жылы 19-апрелде Нарын областында Орто-Нура айылында туулгам. 1981-жылы Нарын шаарындагы В.И Ленин атындагы орто мектебине биринчи класска киргем. 1991-жылы 10-классты ийгиликтүү аяктагам.
Ушул эле жылы Нарын шаарындагы НМУнун дене-тарбия бөлүмүнө тапшыргам.1992-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылгам.
1997-жылы Ж.Саламатов орто мектебинде дене-тарбия мугалими болуп эмгектенгем. 2003-жылдан баштап №4 Иманберди уул Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде дене-тарбия мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Коомдук иштерге активдүү катышкандыгым үчүн төмөнкү сыйлыктар менен сыйлангам.
Сыйлыктары: Райондук усулдук бирикменин Ардак грамотасы, Тогуз Торо райондук админ.Ардак грамотасы, Райондук билим берүүнүн Ардак грамотасы, Тогуз Торо айыл өкмөтүнүн грамотасы, мектептин Ардак грамотасы менен сыйлангам.
Үй бүлөөлү: бир уул, эки кыздын сүйүктүү камкор атасы.