Асейин кызы Санирабийга 1985-жылы 22-июлда Казарман айылында туулган. Эки жашымда “Солнышка” азыркы “Келечек” балдар бакчасында жети жашка чейин тарбияланып. 1992-жылы Макмал орто мектебине биринчи класска киргем.
2003-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагам. Ушул эле жылы Ысык-Көл индустриалдык Техникумунун эки жылдык эмгек тейлөө адистигине тапшырып, 2005-жылы артыкчылык диплом менен бүткөм. Ушул эле жылы Ишенаалы Арабаев атындагы Университетиинин кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшыргам. 2013-жылы ийгиликтүү аяктагам.
Эмгек жолун 2009-жылы М.Жаңыбаева атындагы орто мектепте кол эмгек мугалими болуп иштегем. 2011-жылдан бери №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кол эмгек мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Усулдук бирикменин Ардак грамотасы менен сыйлангам.
2020-2022-жылы билимимди жогорулатуу курсунан онлайн окудан өттүм
Үй бүлөөлү: бир кыз, эки уулдун сүйүктүү энеси.