Бусурманкулова Гүлнур Келдибековна

Башталгыч класстын мугалими

Бусурманкулова Гүлнур Келдибековна 1977-жылы 26-июлда Казарман айылында туулган. 1984-жылы сентябрда Бирдик айылында Бирдик орто мектебине биринчи класска кирген. 1994-жылы 9-классты аяктап, ошол эле жылы Нарын шаарындагы Кадырбай Маметакунов атындагы педагогикалык окуу жайынын башталгыч класс жана англис тили мугалими бөлүмүнө тапшырып, 1997-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектептен баштаган. 1998-жылы Нарын шаарындагы НМУнун башталгыч класстын мугалими бөлүмүнө тапшырып, 2001-жылы сырттан окуп бүткөн.

2003-жылдан баштап, Казарман айылындагы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде башталгыч класстар жана англис тили мугалими болуп эмгектенип келет.

Коомдук иштерге жана сабактагы жетишкендиги үчүн грамота, диплом менен сыйланган.

Үй бүлөөлү: бир уул, эки кыздын сүйүктүү апасы.