Көлбаева Жазгүл Рысбековна 1983-жылы 12-январда Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1990-жылы Казарман орто мектебине кирип, аны 2000-жылы окуп бүтүргөн. 2000-жылы ОшМУга филология факультетине тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон . Кошумча билими тигүүчү жана компьютерде иштей билүүчү жеке ишкер кесибин окуп бүтүргөн.
Эмгек жолун 2004-жылы Тогуз-Торо районундагы Иманберди уулу Иса орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 2018-1019-окуу жылында тарбия иштери боюнча уюштуруучу болуп иштеген. Класстан тышкаркы иштер боюнча “Жаш талант”ийримин , жана кыздар уюмун жетектеп иштеп келет.
2004-жылдан ушул күнгө чейин Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жаш муундарга талыкпай билим-тарбия берип келүүдө .
Эмгек жолунда коомдук иштерге чыгармачылык менен активдүү катышып, семинар, декада, сынактарга, жыл мугалимине катышып, кабинет ачып, сыйлыктарга ээ болгон.
Алган сыйлыктары:
2011-жылы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин Ардак грамотасы.
2012-жылы билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин Ардак грамотасы.
2012-жылы Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы, “Жаңычыл мугалим” номинациясы.
2016-жылы билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин Ардак грамотасы.
2017- жылы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кесиптик бирлигинин Ардак грамотасы
2017-жылы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы.
2017-жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн “Жылдын мыкты кабинети” наминациясы.
2018-жылы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин Ардак грамотасы.
2018-жылы -Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы.
2019-жылы Райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү үч кыз, үч баланын энеси.