Назаралиева Чолпон Жумабаевна 1978-жылы 28-октябрда Тогуз-Торо районундагы Дөдөмөл айылында туулган. 1985-жылы Дөдөмөл айылындагы Фрунзе атындагы орто мектебинде мектеп босогосун аттап 1-класска кирип, 1995-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктаган.
1997-жылы Нарын шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, 2000-жылы бүтүргөн.
2003-жылы Тогуз-Торо районундагы сан эпид көзөмөлдөө борборунда жардамчы санитардык врач болуп эмгектенип, райондук мамлекттик адинистрациянын “Ардак грамота” менен сыйлангам.
2008-жылы райондук мамлекеттик администрация алдындагы жаштар бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
2008-жылы И.Арабаев Атындагы кыргыз мамлекеттик университетине “Биология” адистиги боюнча сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам.
2009-жылдан баштап №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде биология мугалими болуп жумушка орношуп,ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам.
2014-жылдан баштап №4 Иса орто мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштедим.
2014-жылы райондук “Жылдын мыкты”мугалими сынагына катышып 1-орунга ээ болуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”менен сыйлангам.
2011-жылы коомдук иштерге чыгармачылык менен катышкандыгым үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”, 2011-2012 окуу жылында окуучулардын билим сапатын көтөрүүдөгү жетишкендигим үчүн “Ардак грамотасы”, 2013-жылы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушуна көрүнүктүү салым кошкондугум үчүн Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн ”Ардак грамотасы”, 2013-жылы билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кесиптик бирликтин ишиндеги активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин “ Ардак грамотасы”, 2022-жылы районубуздун билим берүү тармагын көтөрүүгө жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон алгылыктуу салымы үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” менен сыйландым.
2021-жылдан бери №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жатам.
Үй бүлөлүүмүн 2 уул, 2 кыздын апасымын.