Шайыкова Гүлзада Асановна

директор. Кыргыз тили жана адабияты мугалими

ТАРЖЫМАЛ

 

Аты ,атасынын аты:                      Шайыкова  Гулзада  Асановна

Туулган жылы,айы,күнү:             5- март      1970-жыл

Улуту:                                             Кыргыз

Жашаган  жери:                             Казарман  айылы.Кадыркулов №48 көчөсү

Үй  бүлөлүк  абалы:                      Үй бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун  энеси

Билими:                                          Жогорку

Бүтүргөн  окуу  жайы:                  Кыргыз мамлекеттик университетинин

Филология жана журналистика  факультети

1987-1992-ж.ж

Адистиги:                                       Кыргыз  тили  жана адабияты  мугалими

Эмгек стажысы:                             30 жыл

Эмгек жолу:                                   Макмал орто мектебинде  1992-жылдан,

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы

билим берүүчү орто мектебинде

2006-жылдан бери

кыргыз  тили жана адабияты мугалими.

2009 –жылдан  баштап    директор.

Коомдук иштерде  иштөөсү:       Тогуз-Торо айылөкмөтүндө  2006-жылдан

баштап,   Аялдар кенешинин  төрайымы

Депутаттыгы:                                2008-жылдан  2012-жылга чейин

райондук  Кенештин  депутаты

Сыйлыктары:                                1995-жылы  Манастын 1000 жылдыгына

карата райондук администрациясынын

Ардак  грамотасы

1998-жылы «Мырзайым-98»конкурсун

женүүчүсү.

2008-жылы Чынгыз Айтматовдун 80

жылдыгына арналган фестивалында

республикалык        «Сильва» билим берүү

борборунун  грамотасы.

2009-жылы «Жылдын мыкты депутаты»

2009-жылы МНОнун Ардак грамотасы.

2011-жылы областтык администрациясынын

Ардак грамотасы

2013-жылы  Кыргыз Республикасынын

Билим берүүсүнүн отличиги

2015-жылы Аялдар конгрессинин

Ардак грамотасы

Өмүр   баян

 

Мен, Шайыкова Гулзада Асановна , 1970-жылы 5-мартта Нарын областынын

Ак-Талаа районунда туулгам. Билими  жогорку, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөм.

Эмгек жолумду 1992-жылы   Макмал  орто мектебинде   мугалим,

2006-жылдан  баштап  №4 Иманберди  уулу  Иса  атындагы  жалпы билим берүүчү  орто      мектебинде  кыргыз  тили жана адабияты   мугалими болуп иштеп келүүдөмүн.

Окуучуларга билим тарбия берүүдө  педагогдук устаттык бай тажрыйба,

ишке берилгендик   менен  билим сапатын көтөрүүдө  интерактивдүү   ыкмаларды колдонуу менен   райондук денгээлдеги семинарларда, чыгармачыл мугалимдердин  декадасында өзүмдүн    иш    тажрыйбамды   жайылтып келем.

2009 –жылдан  баштап мектепте  директор  болуп иштеп келе  жатам.

2013-жылы курулган жаңы мектептин биринчи директору  болуп,  мектептин материалдык –техникалык базасын чыңдоодо райондон биринчилерден болуп, мектепке интерактивдүү досканы, географиялык аянтчаны,биологиялык бакчаны, заманбап техника менен жабдууланган ашкананы, китепкананы, технология кабинетин, мектептин кабинет, залын  заманбап жасалга менен жабдууладым.

Тогуз-Торо айыл өкмөтүндө  2006-жылдан  баштап, Аялдар   кенешинин  төрайымы,

2008-жылдан  2012-жылга чейин  райондук      Кенештин  депутаты  болгомун.

райондук деңгээле өткөрүлгөн ар кандай мероприятиялык иштерге активдүү катышып;

1995-жылы  Манастын 1000 жылдыгына карата«Манас 1000» конкурсунда активдүү катышкандыгым үчүн райондук администрациясынын Ардак грамотасы

1998-жылы «Мырзайым -98» конкурсунун     женүүчүсү,

2008-жылы Чынгыз Айтматовдун 80 жылдыгына   арналган «80 жашта Чынгызым,туу  тутат сени  кыргызым »райондук   фестивалында  республикалык  «Сильва» билим берүү борборунун  грамотасы.

2009-жылы «Жылдын мыкты депутаты» наамын алгам.

Үзүрлүү эмгегимдин жыйынтыгы менен;

2009-жылы Билим берүү жана илим министирлигинин «Ардак грамотасы»,

2011-жылы областтык администрациясынын Ардакграмотасы ,

2013-жылы  Кыргыз Республикасынын «Билимберүүсүнүн   отличиги” төш белгисинин   ээси  болдум.

Үй –бүлөлүк абалым жолдошум- Шайнаев Байсогур,Үч баланын энесимин

05.09.2022-жыл

Шайыкова Гүлзада  Асановна