Жунусова Салийка Топчубаевна 1964 – жылы 27-апрелде Тогуз-Торо районуна караштуу Киров айылында төрөлгөн.
1970 – 1971- окуу жылында мектепке 1-класска кирип, 1981- жылы Киров орто мектебинин 10-классын аяктаган.
1983-жылы азыркы Каракол мурунку Пржевальск шаарындагы педагогика факультетине документ тапшырып, экзамендерден ийгиликтүү өткөн.
1987-жылы институтту бүтүрүп, 1987-жылы Ленин орто мектебинде эмгек жолун баштаган. Андан кийин Бирдик, Жаңыбаева, Казарман орто мектептеринде иштеген. 2003 – 2006-жылдары Аскалы баштооч мектебинде эмгектенген.
2006-жылдан бери Иманберди уулу Иса атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келүүдө.
Сыйлыктары: 2018-жылы “Билимкана” коомдук фонду тарабынан уюштурулган математика предмети боюнча Ыраазычылык кат.
2020- жылы Райондук администрациясынын Ардак грамотасы.
Үй бүлөлүү 3 уулдун энеси.