Качыкеева Айша Таласбаевна

Математика мугалими

Качыкеева Айша Таласбаевна 1965-жылы 25-февралда Ат Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында туулган. 1972-жылы жети жашында Баш-Кайыңды орто мектебине биринчи класска кирип,1982-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Ошол эле жылы райондук №32 кесиптик техникалык окуу жайга кирип, 1983-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы КМУнин математика факультетине өтүп, бул жогорку окуу жайды 1988-жылы аяктаган.

Ушул жылы эмгек жолун мурунку Ленин азыркы Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү мектепте математика мугалими болуп иштөө менен баштаган. Мектепте коомдук жумуштарга, спорттук оюндарга активдүү катышуу менен кыздар уюумун жетектеп келген жана 1996-1998-окуу жылдарында жана 2011-2014-окуу жылдарында директордун орун басары болуп иштеген.

2011-2012-окуу жылында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышып 1-орунду ээлеген. Үзүрлүү эмгектери бааланып бир нече райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы, рай,админ, грамотасы жана Билим берүү министирлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган жана Эл агартуунун отличниги төш белгисинин ээси.

Үй бүлөөлү: үч уул, эки кыздын алты неберенин сүйүктүү чоң эне, тайэнеси.